www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) расмий түрдө президент Дональд Трамптын администрациясы агенттик кызматкерлерин ири өлчөмдө кыскарта баштаганын жарыялады. Бул миңдеген кызматкерлердин жумушсуз калышына алып келиши мүмкүн.

"USAIDдин түздөн-түз жалданган бардык кызматкерлери, эң маанилүү функцияларга жооптуу дайындалган кызматкерлерди, негизги жетекчиликти жана/же атайын бөлүнгөн программаларды кошпогондо, дүйнө жүзү боюнча административдик өргүүгө чыгарылат. Ошол эле учурда, USAID штаттын кыскаруусун баштайт, бул АКШдагы кызмат ордуларында иштеген болжол менен 1600 кызматкерге таасирин тийгизет", – деп айтылат агенттиктин сайтында жарыяланган билдирүүдө.

Чет өлкөлөрдө иштеген кызматкерлер үчүн USAID агенттик тарабынан толугу менен каржыланган учуу программасын уюштурууну пландап жатат. Кыскартылган кызматкерлер өз өлкөсүнө кайтып келгенге чейин агенттиктин системалары менен ресурстарын, ошондой эле дипломатиялык каналдарды колдоно алышат.

Буга чейин америкалык ишкер жана Мамлекеттик натыйжалуулук департаментинин (DOGE) башчысы Илон Маск АКШдагы мамлекеттик кызматкерлер жумасына аткарган иштер боюнча отчет бериши керек же кызматынан кетиши зарыл экенин билдирген.

Маск 2-февралда USAIDди "кылмыштуу уюм" деп атап, анын "жоголушу керек" экенин айткан. Ал ошондой эле Трамп агенттикти жабууга макул экенин белгилеген. DOGE башчысы алар агенттикти жабуу процессинде экенин кошумчалаган.

USAIDдин каржылоосу токтотулгандыгына байланыштуу агенттиктин убактылуу жетекчиси Марко Рубио бийлик агенттикти толугу менен кайрадан карап чыгарын билдирди. Анын айтымында, USAIDдин каржылоосу АКШнын эл аралык саясатына шайкеш келеби же жокпу, аныктоо керек, анткени агенттик каражаттарды "АКШнын кызыкчылыгына каршы" колдонуп келген. Рубионун сөзүнө караганда, каржылоо кайра каралгандан кийин кээ бир программаларга жардам токтотулушу мүмкүн, ал эми башкаларына көбөйтүлүшү мүмкүн.

Последние новости