www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Өкүлдөр палатасынын Демократиялык партиясынын мүчөсү Майки Шеррилл мыйзам долбоорун даярдады. Эгерде ал кабыл алынса, анда АКШ президенти Дональд Трамптын союздашы, Өкмөттүн натыйжалуулук департаментинин (DOGE) башчысы Илон Маск жана анын кызматкерлери баңгизатка тест тапшырууга милдеттендирилет, деп билдирет Axios порталы мыйзам долбоорунун мазмунуна таянып.
"Өкүлдөр палатасынын демократ депутаты талаштуу мыйзам долбоорун сунуштоодо, ага ылайык Трамптын орун басары жана миллиардер Илон Маск, ошондой эле анын DOGE кызматкерлери стандарттык баңгизат тестинен өтүүгө тийиш", – деп айтылат порталдын мыйзам долбоорунун көчүрмөсүнө шилтеме берген макаласында.
Шеррилл "атайын өкмөт кызматкерлерине" карата стандарт киргизүүнү сунуштоодо. DOGE кызматкерлери, анын ичинде Маск, ишке кирердин алдында тыюу салынган баңгизаттарга тест тапшырышы керек. Эгерде алардын анализи оң жыйынтык берсе, анда аларды кеминде бир жылга федералдык кызматтан четтетүү сунушталууда