www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Чолпон-Ата шаарындагы №44 мекеменин жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Чолпон-Ата шаарындагы №44 түзөтүү мекеменин башчысы кармалды. Ал бир нече жылдан бери өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, «жатак-абактарда жаза өтөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» нускаманы бузуу менен, соттолгон адамдардын эмгегин өзүнүн тиричилик маселелерин чечүү үчүн мыйзамсыз пайдаланганы аныкталган.
Мындан тышкары, 2022-жылдын февралында соттолгон адамдардын биринин өлүмүн жашыруу максатында ал жана мекеменин башка кызматкерлери тарабынан расмий документтерге атайылап жалган маалыматтарды киргизүү фактысы такталган.
Кармалган адамга карата чогултулган далилдердин негизинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айып тагылып, ага карата камакка алуу чарасы тандалды.
Учурда тергөө иштери уланууда.