www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Куба боюнча саясатынын максаты кубалыктарды чоң кыйынчылыкка жана жакырчылыкка кептөө экенин Кубанын президенти Мигель Диас-Канель соцтармактагы баракчасына жазды.

- Америка бийлиги куба өкмөтүнүн начар ишинин кесепети катары көрсөткүсү келген нерсе, чынында, элди бүк түшүрүүнү көздөгөн пландын жыйынтыгы болуп саналат, - деген ал.

Анын айтымында, улуттук электр энергетикасы азыр кыйын абалда, эл көп пайдаланган кечки маалдагы болжолдуу таңсыктык 2 миң мегаватты түзүүдө. Бул аралга ресурс жөнөткөн мамлекеттердин баарына бажы төлөмүн киргизем деп коркуткан Вашингтондун энергетикалык чектөөсүнүн кесепетинин таасири.

"Америкалык ЖМКлар куба элинин өжөрлүгүнө таң берүүдө. Экономикалык жана энергетикалык кысымга карабастан Куба кайрат-деминен кайткан жок", - деп жазды Диас-Канель.

Саясатчы отун жүктөлгөн россиялык танкердин келиши таңсыктыкты жабууга жана электр энергиясынын өчүрүлүшүн азайтууга мүмкүнчүлүк бергенин, бирок өлкөнү толук кандуу камсыздоо үчүн ай сайын сегизден кем эмес ушундай танкер келип турушу керектигин белгиледи.

Диас-Канель Кубаны 60 жылга созулган америкалык блокада да, Дональд Трамптын мурунку администрациясы киргизген катаал чектөөлөр да чөгөлөтө албастыгына токтолгон.

Последние новости