www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Финансы министрлигинин жогорку даражадагы өкүлдөрү алдыдагы эки жумада Кыргызстанга, Казакстанга, Швейцарияга жана Австрияга иш сапары менен келет. Бул тууралуу РИА Новостиаталган министрликке таянуу менен жазды.

Сапар Россияга каршы санкцияларды айланып өтүүгө бөгөт коюу иштеринин алкагында уюштурулган.

АКШнын финансы министринин орун басары Брайан Нельсон 16-22-апрелде Цюрих, Берн, Милан, Вена жана Берлин шаарларына барат. Ал эми министрдин жардамчысы Элизабет Розенберг 23-28-апрелде Астана, Алматы жана Бишкекке келери пландалган.

"Финансы министрлиги так, таасын кызматташуу чечимин сунуштайт. Ал — глобалдуу экономикага шыктануусун сактап калуу же Россиянын согушуна материалдык колдоо көрсөтүп, дүйнөнүн эң маанилүү рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн арылуу", — деп жазылган министрликтин маалыматында.

Нельсон Европада Россия менен өз ара иштешип жаткан аткаминерлерге, каржы институттары жана башка компаниялардын жетекчилерине жолугат. Буга чейин ал ушундай эле максатта Түркияга жана Жакынкы Чыгышка да барган, анын ичинде Бириккен Араб Эмирлиги да бар.

Ал эми Розенберг АКШнын Соода министрлигинин эмиссары, Европа биримдигиндеги жана Улуу Британиядагы кесиптештери менен кошо Борбор Азияга келип, өкмөт өкүлдөрү жана ишкерлер менен санкцияларды сактоо жана аны айланып өтүүгө каршы күрөшүү темасында сүйлөшөт.

Россия Украинага атайын операциясын баштагандан кийин Батыш өлкөлөрү бир катар санкцияларды киргизген. Анын ичинде россиялык жеке компаниялардын жана жөнөкөй жарандардын 21,5 миллиард евролук активдерин тоңдуруп койгон. Европа биримдигинин лидерлери өткөн жылдын октябрында Еврокомиссияга тоңдурулган каражатты Украинаны калыбына келтирүүгө колдонуу сунушун даярдоону тапшырган.

РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков мындай чечимдин кабыл алынышы эл аралык укуктук нормалардын жана эрежелердин баарын тебелеп-тепсөөгө дагы бир кадам болорун билдирген. Анын айтымында, Москва буга каршы күрөшүү жолдорун издейт.

 

Последние новости