www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
3-августтан тартып АКШ Кыргызстандын жарандары үчүн B1/B2 (иш сапар жана туристтик) визалары боюнча төлөнүүчү күрөөнүн (visa bond) эң жогорку өлчөмүн 20 миң долларга чейин жогорулатты.
Бул талап АКШга туристтик же иш сапары менен барып, визанын мөөнөтүнөн ашыкча калып калуу учурларын азайтуу максатында киргизилген. Күрөөнүн суммасын виза маегинде консул аныктайт.
Эгер виза ээси АКШдан белгиленген мөөнөттө чыгып кетсе, күрөө каражаты кайтарылат. Ал эми визанын шарттарын бузуп, өлкөдө мыйзамсыз калып калса же макамын өзгөртүүгө аракет кылса, төлөнгөн каражат кайтарылбай калышы мүмкүн.
Бул программа Кыргызстандан тышкары дагы бир катар өлкөлөрдүн жарандарына да колдонулат.