www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына 19 даана түнкү көрүүчү аппараттарды жана жылуулук аркылуу аныктоочу жабдууларды, ошондой эле эки даана көчмө MX-908 химиялык детекторун тапшырды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Жабдуулар Лесли Вигеринин Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев менен болгон жолугушуусунун жүрүшүндө берилди. Жолугушууда тараптар коопсуздук жаатындагы жалпы артыкчылыктуу багыттарды талкуулашты.

Элчиликтин маалыматына ылайык, MX-908 детекторлору химиялык уулуу заттарды, жарылуучу заттарды, баңгизаттарды жана башка кооптуу материалдарды тез аныктоо үчүн колдонулат.
Мамлекеттик чек ара кызматы жалпы коопсуздук маселелерин чечүүдө АКШнын негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат.
