www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Тажикстандын кол салуусунан улам курчуп кеткен Кыргызстан менен Тажикстан чек арасындагы чыр-чатакты жөнгө салууга көмөктөшүүгө даяр. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Жонатан Хеник билдиргенин РИА Новости жазды. 

"Биз эки өлкөнүн башчылары менен түздөн-түз байланыштабыз. Биз чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүүнү колдоону сунуш кылдык. Эң башкысы, биз мындай нерселер экинчи кайталанбашы үчүн өлкө башчыларын жоопкерчиликти алып, шарт түзүүгө умтулууга чакырдык.

Биз, албетте, бул кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп жатабыз жана эки өлкөнүн лидерлери жетишилген ок атышпоо келишимин бузбагандыгы бизди кубандырат. Ошол эле учурда кырдаал толук жөнгө салынды деп кабыл ала албайбыз. Андай эмес", - деп, эки тарапта тең качкындар жана жер которгон адамдар бар экендигин белгилеген Хеник.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости