www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сан-Диегодогу АКШнын Чек ара кызматынын борборлору 245 пайызга толуп, мыйзамсыз мигранттар адаттагыдан 2,5 эсе көп жайгашууда. Бул тууралуу "New York Post" басылмасына шилтеме кылып РИА Новости билдирди.

"АКШнын Сан-Диего аймагындагы чек ара күзөтүндө келгиндердин саны адаттагыдан эки эсе көп болууда. Президент аларды киргизгени үчүн Байденди алкап жатышат", — деп жазат басылма.

Гезиттин жума күнгө карата маалыматы боюнча, 750 кишиге ылайыкталган имараттарда мыйзамсыз 1812 мигрант кармалып турган.

"Мигранттардын агымын жана аларды 72 саатка гана кармоого болорун эске алганда, сентябрдан бери 125 миңден ашууну Сан-Диегонун көчөлөрүнө чыгарылды", — деп белгилейт басылма.

Акыркы айларда АКШда мыйзамсыз миграциянын деңгээли рекорддук көрсөткүчтөргө жетти. Чек ара кызматкерлери өткөн декабрда мыйзамсыз чек араны кесип өтүү фактысы 302 миңге чамалаган, бул бир айдагы эң жогорку көрсөткүч экенин айтышууда. Кошумчалай кетсек, АКШны Жозеф Байден жетектеген үч жылда мыйзамсыз мигранттардын саны болуп көрбөгөндөй өскөн.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости