www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Антальяда асма жолдун кабинасы бийиктен кулап, бир адам каза болду. Жабыркаган жети кишинин арасында кыргызстандык аял бар экенин түркиялык басылмалар жазышууда. 

Окуя Антальянын батышындагы Коньяалти жээгинен тоого чыккан асма жолунда болгон. Ичинде жүргүнчүсү бар кабина аскага жакын жерге кулаган.

"Жүрүп бараткан кабиналардын бири белгисиз себептерден улам кулап түшкөн", — деп айтылат IHA агенттигинин маалыматында.

Асма жол иштебей калгандыктан 25 кабинада 184 адам камалып калып, алар тик учактын жардамы менен куткарылганы кабарланды.

Аймакка өрт өчүрүүчүлөр, полиция, дарыгер жана куткаруучулар жөнөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости