www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ менен Филиппиндин аскердик күчтөрү Кытайдын Тайванга жакын жердеги аскердик машыгууларына жооп иретинде тарыхтагы эң ири биргелешкен аскердик машыгууну баштады. Бул тууралуу Axios билдирди.
Машыгууларга 17 миңден ашык аскер кызматкери катышууда, бул былтыркыдан эки эсе көп. Маневрлердин негизги максаттары союздаштардын күчүн көрсөтүү жана Кытайдын Түштүк Кытай деңизиндеги талаштуу аралдарга болгон аймактык дооматтарына каршы туруу. Биргелешкен машыгуулар 28-апрелге чейин уланат.
Буга чейин АКШ Филиппиндеги аскерий санын көбөйткөн. Бийликтер АКШга кошумча төрт базага мүмкүнчүлүк берүүгө макул болушту.
8-апрелден 10-апрелге чейин Кытайдын куралдуу күчтөрү Тайвань аралынын айланасында машыгуу өткөрүшкөн. Маневрлердин жүрүшүндө Кытайдын учактары жана кемелери Кытай менен Тайвандын ортосундагы расмий эмес чек араны бир нече жолу бузган.
Булак: NazarNews.kg