www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөр 11-июлда кайра жанданары күтүлүүдө.

Маалыматка ылайык, жаңы раунддагы негизги темалар — Иранга каршы киргизилген санкциялар, тоңдурулган активдер жана өлкөнүн өзөктүк программасы болот.

Акыркы техникалык консультациялар Дохада өткөн. АКШнын президенти  бул сүйлөшүүлөрдү “өтө ийгиликтүү” деп баалаган.

Иран тарап миллиарддаган долларлык тоңдурулган каражаттардын бир бөлүгү бошотулганы боюнча макулдашуу бар экенин билдирсе, АКШ өкүлдөрү муну четке кагышкан.

Сүйлөшүүлөр АКШ менен Иран ортосунда жакында кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандумунан кийин өтүп жатат. Ал документте өзөктүк программа боюнча акыркы келишимге жетүү үчүн 60 күндүк мөөнөт каралган.

Последние новости