www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ менен Кытайдын лидерлери телефондон сүйлөштү

Дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн АКШ менен Кытайдын лидерлери соңку жети айда алгачкы жолу телефондон сүйлөштү.

Ак үй тараткан билдирүүдө АКШнын президенти Джо Байден менен Кытайдын лидери Си Цзинпиндин "терең стратегиялык" сүйлөшүүсүндө "биздин жалпы кызыкчылыктар, баалуулуктар жана күткөнүбүз дал келген маселелер талкууланды" - деп айталат.

Быйыл январда Байден расмий бийликке киришкенден тарта кытай лидери менен эки гана жолу сүйлөштү. Чоң экономикасы бар эки державанын мамилесинде бир топ жылдан бери соода-сатыкка, киберкоопсуздукка жана адам укуктарына байланыштуу чыңалуу бар. Вашингтон Бээжиндин Шинжаңдагы репрессиялык саясатын кескин сындап келсе эми ага COVID-19 вирусунун кайдан келип чыкканын иликтөөдө кытай ачык-айкындуулукту камсыз кылбай жатканы да кошулган.

Андан сырткары АКШ-Кытай мамилесинде Тайванга, Түштүк-Кытай деңизиндеги аймактык талаштарга барып такалган маселелер бар.

Эки өлкө ортосунда климаттын өзгөрүшү, Корей жарым аралында өзөктүк кризисти токтотуу жана эки мамлекеттин экономикасынын туруктуулугун камсыздоо максатында кызматташуу жолго коюлган.

Ак үй билдиргендей, Байден Кошмо Штаттар Кытай менен чыныгы жана жоопкерчиликтүү атаандаштыкты жактай турганын айтты.

Кытайдын мамлекеттик CCTV каналы Си Цзинпин америкалык кызматташына Вашингтон жараткан "олуттуу кыйынчылыктарды" айтканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости