www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-мартта Корея Республикасы менен АКШнын куралдуу күчтөрү 14-мартка чейин улана турган Freedom Shield аскердик машыгуусун баштады. Бул тууралуу “Йонхап” агенттиги билдирди.

Машыгууларда Корея Республикасындагы америкалык аскер контингенти кургактыкта, деңизде, абада жана кибер мейкиндикте операцияларды, ошондой эле душмандын өзөктүк күчтөрүнө жооп кайтаруу үчүн «космостук активдерди» колдонуу боюнча машыгууларды өткөрөрү белгиленген. Машыгуунун жүрүшүндө БУУнун командачылыгына мүчө 12 мамлекеттин өкүлдөрү да байкоочу катары катышат. Freedom Shield практикалык жана виртуалдык көнүгүүлөрдү камтыйт. Окууда компьютердик симуляциялар да колдонулат.

Корея Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн штаб башчыларынын бириккен комитетинин расмий өкүлү Ли Сон Жунг маневрлар учурунда Түндүк Кореянын канаттуу ракеталарын аныктоо жана кармоо пландалып жатканын билдирди.

Маалымат үчүн айта кетсек, КЭДР жыл башында "Хвасаль-2" жана "Пулхвасаль-3-31" канаттуу ракеталарын, ошондой эле "Падасури-6" кемеге каршы ракеталарын сынаган. Freedom Shield машыгуулары быйыл 2023-жылга салыштырмалуу эки эсе көбөйөт деп күтүлүүдө. Ошол эле учурда Сеул КЭДР менен чек арага жакын жерде маневр өткөрүү планы жок экенин билдирди. Пхеньянда АКШ-Түштүк Кореянын мындай машыгуулары согушка репетиция катары бааланып, шериктештер маневрлердин коргонуу мүнөзүнө басым жасашууда.

Последние новости