www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
19-январда, АКШнын Иммиграция жана бажы кызматынын (ICE) кызматкерлери аял кишини атып салгандан кийин дээрлик эки жума өткөн соң, Миннеаполис шаарында нааразы болгон жарандар кайрадан көчөгө чыгышты. Алар ICE кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине каршы экенин билдиришти. Бул тууралуу «NazarNews» агенттигине Кытайдын «CCTV-plus» агенттиги маалымдады.
Суук аба ырайына карабай, акцияга чыккан жарандар ICE имаратынын алдына чогулуп, желектерди желбиретип, колдоруна нааразылык билдирген плакаттарды кармашты.
«Мен бул жакка ардагер катары келдим. Мен Конституцияны, укуктарды жана эркиндиктерди коргоп кызмат кылгам. Бирок бүгүнкү күндө бул баалуулуктар тебеленип жатат, бул мени иренжитет», — деди жергиликтүү тургун Дрю.
«Бул режим Миннесотанын жашоочуларын жана иммигранттарды кысымга алып, зыян келтирип жатканына чарчадым», — деди нааразы болгон Билл.
Эске салсак, 7-январда ICE агенттери Миннеаполисте (Миннесота штаты) 37 жаштагы америкалык жаран Рене Гудду атып салышкан.
«Биздин көчөдө аял киши өлтүрүлдү — бул киши өлтүрүү. Эгер бул өзүн-өзү коргоо болсо, анда эмне үчүн кылмыш иши козголгон жок? Федералдык кызматкерлер мыйзамдан жогору болуп калса, анда адилеттүүлүк кайда? Бул көрүнүштү токтотууга даярмын», — деди нааразычылык акциясында сүйлөгөн Эмбер.
Айрым демонстранттар дүйнө жүзүндө иммигранттарды жана терисинин түсүнө карата коопсуздукка коркунуч катары каралган адамдарды колдоо улантылып жатканын билдиришти.
«Алар адамдарга өздүгүн тастыктаган документтерди көрсөтүүгө да мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Бул кантип мүмкүн? Жарандык макамын далилдөөгө да шарт түзүлбөй жатат. Алар бизди ким деп ойлошот?» — деди митингге катышкан аялдардын бири.