www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Американын Мамлекеттик департаменти АКШнын Нигердеги дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн айрым кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө аскердик төңкөрүштөн улам өлкөдөн чыгып кетүүгө буйрук берди. Бул тууралуу ведомствонун сайтында айтылат.

"Нигердеги болуп жаткан окуяларды эске алуу менен, мамлекеттик департамент алдын алуу чарасы катары АКШнын өкмөттүк кызматкерлерине АКШнын Ниамейдеги элчилигинен убактылуу чыгып кетүүгө буйрук берет", - деп айтылат билдирүүдө.

Франциянын тышкы иштер министри Катерина Колонна өзүнүн Твиттер баракчасында Нигерден өлкөдөн кетүүнү каалаган 992 кишини төрт учак менен эвакуациялаганын билдирди. Бешинчи жана акыркы рейс 3-августка белгиленген.

1-августта Париж Нигерден өз жарандарын жана башка Европа өлкөлөрүнүн жарандарын эвакуациялоо башталганын жарыялаган. 30-июлда бир нече миңдеген демонстранттар Франция элчилигинин алдына чогулуп, ичине кирүүгө аракет кылышкан. Митингчилер "Франциянын Нигердеги элчилиги" деген жазууну Нигер жана Орусиянын желектери менен алмаштырышкан.

Буга чейин Мамлекеттик департамент Нигердин кулатылган президенти Мохамед Базумга Кошмо Штаттардын атынан жардам убада кылган. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Нигерге колдоо жарыялап, Вашингтон өлкөнүн конституциялык түзүлүшүн кулатууга болгон бардык аракеттерди четке кагарын баса белгилеген.

Нигерде төңкөрүш 26-июлда болгон. Козголоңчулар - президенттик гвардия Базумдун камакка алынганын жарыялашкан. Алар чек араларды жаап, өлкөдө коменданттык саат киргизишкен.

Ал эми, президенттик гвардиянын башчысы Абдурахман Чиани өзүн жаңы лидер деп жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости