www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) маалыматы боюнча, АКШ Ирандын портторун толук блокадага алып, Ислам Республикасынын экономикасынын болжол менен 90% түзгөн эл аралык деңиз соодасын токтотту.

Командачылыктын билдирүүсүнө ылайык, бир сутканын ичинде бир дагы кеме америкалык блокаданы бузуп өтө алган жок. Алар алты соода кемесине Оман булуңундагы Ирандын портуна кайтуу буйругу берилгенин белгилешти.

Ал эми, «CNBC» аналитиктерге таянып, блокаданын биринчи күнүндө кеминде эки кеме Ормуз кысыгы аркылуу өтүп кеткенин жазды. Алардын бири кытай компаниясына таандык танкер болгону айтылууда.

АКШ Ирандын портторуна кирген же ал жактан чыккан кемелерге карата блокаданы 13-апрель күнү кечинде баштаган. Башка өлкөлөрдүн портторуна бара жаткан кемелерге бул чектөө жайылтылбайт. Азык-түлүк, дары-дармек сыяктуу гуманитардык жүктөр текшерүүдөн кийин өткөрүлүшү мүмкүн.

Иран тарап бул блокада натыйжа бербей турганы билдирди. Ага Россия, Кытай, Улуу Британия сыяктуу айрым өлкөлөр жана бир катар компаниялар да каршы чыккан. ЖМКлардын маалыматына караганда, Сауд Арабиясы жана Жакынкы Чыгыштагы башка мунай экспорттоочу өлкөлөр да абалдын дагы курчушунан чочулап жатышат.

АКШ президенти Дональд Трамп блокада тууралуу Исламабаддагы Иран менен сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктагандан кийин жарыялаган. Учурда сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрүү маселеси каралып жатат жана ал ушул жумада өтүшү мүмкүн.

Последние новости