www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусияны “кооптуу жана жоопкерчиликсиз” ракеталык сыноосун айыптады. Ракета Жер орбитасындагы орусиялык спутниктердин бирин атып түшүргөн. Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Нед Прайс сынактын натыйжасында 1500 майда уранды пайда болгонун жана алар Эл аралык космос станциясына кооптуу болушу ыктымал экендигин айтат.
НАСА билдиргендей, Эл аралык космос станциясында жүргөн төрт америкалык, немис жана эки орусиялыктан турган экипаж сыноо учурунда атайын капсулага кирип, эвакуацияга даяр болгон.
Орусиянын расмий өкүлдөрү АКШнын айыптоолоруна жооп кайтара элек.
Өткөн жылдын апрель айында Орусия спутниктерге каршы ракетасын сынап, космос мейкиндиги барган сайын согуш үчүн маанилүү аймакка айланып баратканын айткан. Космостогу учкучтарга каршы багытталган ракеталарды АКШ өзү бир нече жылдан бери сынап келет.
Булак: NazarNews.kg