www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки АКШ администрациясынын дагы эле Орусияга каршы согушуу үчүн Украинага аскер жиберүү ниети жок экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
«Украинага аскерлерди жөнөтүү жана Орусия менен согуш баштоо ниети жок», - деди Псаки Ак үйдө өткөн брифингде.
Ал бул маселе боюнча Америка жетекчилигинин позициясы өзгөргөн жок деп ырастады.
Ошентип, Ак үйдүн өкүлү америкалык лидердин жаңы билдирүүлөрүн тактады. Шаршемби күнү улуттук профсоюздардын өкүлдөрү менен жолугушуудан кийин Джо Байден катышуучуларга кайрылып, «эгер ал согушка барышы керек болсо, алар менен бирге барам», - деди.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg