www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Сауд Аравиядан алыстоодо

АКШ Сауд Аравиядагы аскердик контингентин кыскартуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу “The Wall Street Journal” басылмасы маалымдады.

Маалыматка ылайык, мындай чечимге Сауд Аравиясынын АКШ тарабынан пландалган “Project Freedom” (Эркиндик долбоору) операциясын колдобогону себеп болгон. Бул операция Ормуз кысыгында кемелердин коопсуз жүрүшүн камсыздоого багытталган.

Сауд Аравиясы АКШ аскерлерине өзүнүн аскердик базаларын жана аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат бербей койгон. Бул Вашингтондун операциясын жүргүзүүгө олуттуу тоскоолдук жараткан.
АКШ расмий өкүлдөрүнүн айтымында, бул кадам Ак Үйдү оор абалга алып келип, президент Дональд Трамп операцияны токтотууга мажбур болгон.

Бул окуядан кийин Ак Үй Сауд Аравияга нааразылык билдирип, эгер позициясын өзгөртпөсө, Падышалыкка берилчү абадан коргонуу үчүн ракета тоскуч куралдар токтотуларын эскерткен.
Ошол эле учурда америкалык расмий өкүлдөр эки өлкө ортосундагы мамилеге келтирилген зыянды оңдоо оңой болбой турганын белгилешүүдө.

Последние новости