www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Сенаты Орусия менен Иранга экономикалык басымды күчөтүүгө багытталган жаңы санкциялык мыйзам долбоорун жактырды.
Добуш берүүдө документти 86 сенатор колдоп, 12си каршы чыкты. Мыйзам долбоору АКШ президентине Орусиянын мунай жана газын ири көлөмдө сатып алган өлкөлөргө 200%га чейин тариф киргизүүгө, ошондой эле орус каржы институттарына, элитасына жана «көмүскө флотуна» каршы санкцияларды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле документ Иранга каршы санкциялардын мөөнөтүн 2031-жылга чейин узартууну карайт.
Эми мыйзам долбоору АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасында каралат. Анын демилгечилери бул чаралар Орусиянын Украинадагы согушун каржылоосун чектөөгө багытталганын билдиришүүдө.