www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттары даярдаган украиналык аскер кызматкерлеринин санын бир топ көбөйтүп, окуу курстарын татаалдаштырмакчы. Бул тууралуу CNN телеканалы АКШ администрациясындагы булактарына таянуу менен билдирди.

"Жаңы программанын алкагында АКШ украин аскерлеринин кыйла чоң топторун татаал согуштук тактикага, анын ичинде артиллериялык колдоо менен жөө аскерлердин маневрлерин координациялоого үйрөтө баштайт", - деп айтылат билдирүүдө.

Телеканалдын маалыматына караганда, бир эле АКШнын Германиядагы аскер базасында ай сайын 2,5 миң жоокерди окутуу пландалууда. Ошол эле учурда, үстүбүздөгү жылдын февраль айынан бери АКШ бир нече миң гана украин аскерлерин куралдын айрым түрлөрүн көзөмөлдөөгө үйрөткөндүгү белгиленет.

Окуу курстары, CNNдин айтымында, учурда Улуу Британияда же Польшада сунушталган курстарга караганда бир кыйла "интенсивдүү жана ар тараптуу" болот.

Тиешелүү сунуш украин тараптын өтүнүчү менен жөнөтүлгөнү белгиленди.

Мурдараак маалымдалгандай, Евробиримдиктин (ЕБ) Украина боюнча миссиясы ноябрь айынын башынан тарта 12 миңдей адамды окута баштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости