www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2022-жылдын май айында АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчилиги Тажикстандын Коргоо министрлигине чек араны бекемдөө тармагында колдонуу үчүн сегиз IVECO жүк ташуучу унаасын, дөңгөлөктөрүн жана тетиктерин тапшырды, деп айтылат дипломатиялык өкүлчүлүктүн сайтында.
2,3 миллион долларлык унаалар, дөңгөлөктөр жана тетиктер Тажикстандын татаал шартында Коргоо министрлигинин мобилдүүлүгүн жакшыртаары белгиленген.
"2021-жылдын октябрь айында АКШ элчилиги 1,4 миллион долларлык 20 жол тандабас белек кылды. Автоунаалардын жана тетиктердин жаңы тартуусу Коргоо министрлигин бул жабдууларды көп жылдар бою иштөө абалында кармап туруу мүмкүнчүлүгүнө шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта.
АКШнын миссия башчысынын орун басары Бриджит Уолкер технологияларды өткөрүп берүү аземинде айткандай, унаалар баңги аткезчилери, контрабандачылар жана экстремисттер сыяктуу трансулуттук коркунучтардын алдын алууга олуттуу жардам берет.
Ал кошумчалагандай, АКШ Тажикстанга коопсуздук тармагына жардам көрсөтүү үчүн 60 миллион доллардан ашык каражат бөлөт. Жардам эки жылга берилет.
Булак: NazarNews.kg