www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Мамлекеттик департаменти Американын маданиятын Тажикстанда музыка аркылуу жайылтууну каржылай турганын RT билдирди.

Документке ылайык, долбоордун максаты - тажиктердин Американын маданияты жана музыкасы тууралуу билиминин жетишсиздиги көйгөйүн чечүү. Долбоорго тартылган подрядчылар, мисалы, Тажикстанда америкалык ырчылар үчүн сынак уюштурууга жооптуу болушу мүмкүн. Грантта композициялардын тексттери позитивдүү мааниге ээ болушу керектиги, аларда уят сөздөргө жол берилбей турганы көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары, Мамлекеттик департамент артисттерге өз оюнун студияда жаздырууга каражат берет. Бул ырлар «элге» бекер берилет. Сынактын жеңүүчүсү Тажикстандын ири шаарлары боюнча гастролдо болот.

Вашингтон сынактын катышуучуларынын жана алардын аудиториясынын арасында «Америка музыкасына жана маданиятына болгон күчтүү симпатияны» өнүктүрүүгө ниеттенүүдө.

Гранттын минималдуу суммасы 15 миң доллар, эң көп дегенде 40 миң доллар болот. Коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес жана жарандык коом уюмдары каржылоо үчүн кайрыла алышат.

Эске салсак, буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандагы «сөз эркиндигин жана көз карандысыз маалымат каражаттарын колдоо» программаларын каржылоого каражат бөлөрү белгилүү болгон. Долбоордун катышуучулары 10 миң доллардан 50 миң долларга чейин алышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости