www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ тандап өзүнө гана тиешелүү адамдарга виза берип жатканы белгилүү. Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев 2024-жылдан баштап АКШ Кыргызстандын жарандарына берилген визанын мөөнөтүн 5-10 жылга узартарын билдирди. Андан тышкары визанын баасы 285 доллардан 185 долларга арзандайт.
Буга чейин АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кыргызстандыктарга виза алуу үчүн күткөн убакытты эки жылдан 60 күнгө азайтуу чечимин кабыл алган. Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылы 21-июлда бир тараптуу денонсациялаган.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 7-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында “келишим боюнча бир-эки маселе калганын, ал чечилсе макулдашууга кол коюларын" айткан. Вашингтон документке кол коюуга даяр экенин билдирип келет.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg