www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дональд Трамптын президенттик кызматтагы биринчи жылы эл аралык аренада аскердик басым жана ири соода чектөөлөрү менен эсте калды.
Бир жылдын ичинде бир катар өлкөлөргө карата аскердик чыңалуу коркунучу жана жогорку тарифтерди киргизүү маселеси күн тартибине коюлган.
Венесуэла. Николас Мадурону жана анын жубайын кармап кетүү, өлкөдө убактылуу башкарууну киргизүү, мунай ташыган танкерлерди кармоо, баңгизат ташыган кемелерге сокку уруулар.
Иран. Ядролук объекттерге сокку уруу, нааразылык акцияларын колдоо боюнча риторика, Иран менен сооданы уланткан мамлекеттерге 25 пайыздык бажы алымын киргизүү коркунучу.
Гренландия. Аралды сатып алуу же АКШга кошуу талаптары, аскерий күч колдонуу боюнча коркутуулары, Европа Биримдигинде 10-25 пайыздык тарифтерин киргизүүгө болгон саясий басым.
Кытай жана Тайвань. 10-30 пайыздык соода тарифтери, Кытайдын кеңири масштабдагы аскердик машыгууларына байланыштуу тарифтерди 100 пайызга чейин көтөрүү коркутуулары.
Канада жана Мексика. 25 пайыздык тарифтер, тарифтерди жарым-жартылай токтотуу жана кайра киргизүү, ошондой эле мүмкүн болгон “биригүү” тууралуу билдирүүлөр.
Йемен, Сомали, Сирия, Ирак, Нигерия. Террористтик топторго каршы жүздөгөн аба соккулары, жаңы атайын операциялардын башталышы.
Колумбия. Баңгизат соодасына байланыштуу аскердик операциялар жүргүзүлүшү мүмкүн деген коркутуулар.
Куба жана Панама. Стратегиялык каналдарды көзөмөлдөө жана кийлигишүү боюнча катуу билдирүүлөр.
Газа сектору жана Израиль. Алсыз элдешүү, палестиналыктарды көчүрүү пландары араб өлкөлөрүнүн нааразылыгын жаратты.
Бир жылдын ичинде Трамп аскердик операциялардын масштабын өзүнөн мурдагы президенттерге караганда көбүрөөк кеңейткен. Вашингтон күч жана дипломатия аркылуу эрежелерди белгилеп жатат деп билдиргени менен, дүйнөдө ири регионалдык жана глобалдык кагылышуулардын коркунучу кыйла жогорулатты.