www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп жакын арада Россиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт Fox News телеканалына берген маегинде таянып ТАСС жазып чыкты.

"Биз бул жолугушуулар абдан жакында өтөт деп күтүп жатабыз, айрыкча президент Зеленский менен", — деди ал.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Трамп Киев менен Вашингтондун ортосунда сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишимге кол коюлушун каалап жатканын белгиледи.

"Ал президент Зеленский бул келишимге кол коет деп күтүп жатат. Бул АКШнын салык төлөөчүлөрү Украина үчүн жасаган аракеттерин эске алганда, туура кадам болот. Эгерде америкалыктар болбосо, Украина мамлекет катары жашабай калмак, жана президент Трамп муну жакшы түшүнөт", — деп кошумчалады Ливитт.

Февралдын башында Трамп Вашингтон Украинанын сейрек кездешүүчү металлдарын алууга кызыкдар экенин билдирген. 12-февралда АКШнын каржы министри Скотт Бессент Киевде Зеленскийге пайдалуу кен байлыктары боюнча келишимдин текстин тапшырган. Зеленский буга чейин келишим түзүүгө даяр экенин билдиргени менен, Бессент менен жолугушууда да, кийин Мюнхенде АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс менен жолугушууда да ага кол койгон эмес.

Зеленский сунушталган келишимде коопсуздук кепилдиктери жок экенин белгилеген. Бирок 21-февралда АКШнын улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Майк Уолтц Зеленский жакын арада АКШ менен келишимге кол коет деп билдирген. Андан кийин Зеленскийдин кеңсесиндеги булактар украиналык ЖМКларга документ дагы да иштелип чыгышы керектигин айтышкан. Ал эми 23-февралда өткөн басма сөз жыйынында Зеленский "бул келишимге кол коюуну каалабай турганын", анткени бул үчүн "Украинанын 10 мууну төлөшү керек болорун" билдирген.

Последние новости