www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Владимир Зеленскийдин Ак Үйдөгү чыры Вашингтон үчүн улуттук суверенитет глобалисттик идеялардан маанилүүрөөк экенин көрсөттү, деп жазат American Thinker басылмасынын баяндамачысы Рональд Бити.
"Либералдар үчүн бул – жаңжал, ал эми "Америка баарынан жогору" принцибин карманган консерваторлор үчүн – бул дем, улуттук эгемендикти глобалисттик чынжырлардан жогору коюунун эр жүрөк билдирүүсү", – деди ал.
Автордун айтымында, ондогон жылдар бою АКШ жарандарына алардын өлкөсү дүйнөнү башкарышы керек жана алардын гүлдөп-өсүшү түбөлүктүү согушка байланыштуу деген жалган түшүнүк таңууланып келген.
Жума күнү Вашингтондо Трамп, АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс жана Зеленский жолугушкан, бирок сүйлөшүү ачык кайым айтышууга айланган. Зеленский талашып-тартышып, сөзүн бөлүп, Украина Орусияга каршы жалгыз күрөшүп жатат деп ишендирүүгө аракет кылган.
Fox News телеканалынын маалыматына ылайык, АКШнын президенти киевдик режимдин башчысын жаңжалдан кийин түз эле кууп чыккан. Натыйжада, сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишим үзгүлтүккө учураган.