www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Си Цзиньпинди Зеленский менен сүйлөшүүгө үндөдү

Бүгүн, 20-мартта Ак үйдүн стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби АКШ Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Москвага болгон сапарынын жыйынтыгында Владимир Зеленский менен сүйлөшүүсүнө кызыкдар экенин билдирди.

Жон Кирби CNN телеканалына берген маегинде Кытай лидеринин Москвага болгон сапары боюнча комментарий берип жатып: “Биз президент Си менен байланышып, Украинанын көз карашын угушун толугу менен каалайбыз.

Кирбинин айтымында, Украина маселеси талкуулардын борборунда болушу керек.

Буга чейин Financial Times гезити кырдаалдан кабардар булагына таянуу менен Си Цзиньпин Москвага баргандан кийин Владимир Зеленскийге телефон чалып калышы мүмкүн экенин жазган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости