www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Киевдеги элчиси кызматына талапкер Бриджит Бринк Украинанын тегерегиндеги кырдаалды чагылдыруу үчүн маалыматтык согушта Орусиянын жеңишин тааныды. Бул тууралуу ТАСС жазды.

Сенатор Роб Портман Конгресстин Сенатынын тышкы иштер боюнча комитетиндеги угууда Москванын маалымат тармагында Батыш өлкөлөрүнөн, орус күчтөрү украиндикинен жогору тургандай эле жогору экенин баса белгиледи.

Ал Бринкке кайрылып, Украинадагы аскерий операцияны "Орусиянын актоо аракетине жакшыраак каршы туруу" үчүн АКШ эмне кылыш керектигин сурады. "Мен сиз менен макулмун. Бизден озуп кетишти жана биз артта калдык. Биз мүмкүн болушунча көп күч-аракет жумшообуз керек. Бул - чоң маселе", - деди Бринк.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын Улуттук чалгындоо агенттиги Украинадагы жаңжалды жөнгө салууда "сүйлөшүү жолу" көрүнбөгөнүн билдирген. Хейнстин айтымында, жакынкы келечекте Украинадагы кырдаал мындан да ары курчуу жолуна түшүшү мүмкүн. Улуттук чалгын кызматынын башчысы тактагандай, буга Киевдин маселени аскерий жол менен чечүүгө умтулуусу шарт түзүшү мүмкүн.

Эске салсак, Украинага каршы согушту Орусия 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости