www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин АКШга сапары Киев үчүн кырдаалды ого бетер начарлатты, деп жазат америкалык Foreign Policy журналы.
Басылманын айтымында, республикачылар чек арадагы кризистен улам Киевди каржылоодон баш тартышууда. Конгрессмендердин көңүлү дал ушул көйгөйгө бурулганы менен Вашингтонго келип акча сураган Зеленский кырдаалды курчутууда.
Байдендин администрациясы саясий кысымга кабылбаш үчүн украин бийликтеринен Конгресстеги республикачылар менен байланышпоону көп суранганы такталган.
Буга чейин Тышкы чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин Киев Батыштын ачык эмес тыюусунан кийин, чабуул ийгиликсиз болгонуна карабай, Москва менен сүйлөшүүдөн баш тартып жатканын билдирген. Анын айтымында, украин аскерлери фронтто эч кандай ийгиликке жетишкен эмес, бирок жоготууларга учураган.
Коопсуздук боюнча немис эл аралык эксперти Нико Ланге Украина 2024-жылы жаңы контрчабуулга өтүү үчүн күч топтоп жатат деп болжолдойт.
Булак: NazarNews.kg