www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Коргоо министрлиги Украинага бериле турган аскердик жардамдын кезектеги топтомун жарыялады. Бул жолу жардам USAI программасынын алкагында берилет. Тагыраагы Украинага жеткириле турган курал-жарак Пентагондун кампаларынан алынбайт, аларды өндүрүү үчүн заводдорго буйрутма берилет.
Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, бул топтомго NASAMS үлгүсүндөгү төрт зениттик-ракеталык комплекс, ага ок-дарылар, артиллериялык снаряддар, көчмө зениттик-ракеталык комплекстер үчүн ракеталар, Switchblade дрондору, портторду коргоочу жабдуулар жана башка аскердик материалдар кирди.
АКШ Украинага бериле турган аскердик жардамдын буга чейинки топтому жөнүндө 7-июлда жарыялаган. Анда ага алгачкы жолу кассеталык ок-дарылар киргени маалымдалган. Кийин алар Украинага жеткирилгени, бирок согуш талаасында колдонула электиги кабарланган.
Орусиянын Украинага карата аскердик атайын операциясы башталгандан бери Вашингтон Киевге жалпысынан 40 миллиард долларга бааланган аскердик жардам көрсөттү.
Булак: NazarNews.kg