www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

АКШ Конгрессинин Сенаты Украинага кошумча жардам катары 40 миллиард доллар бөлүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу "Америка үнү" кабарлады.

Каражат Украинага жана коңшулаш өлкөлөргө аскердик жардам берүүгө жана курал-жарак жеткирүүгө жумшалат.

Сенат 13-майда мыйзам долбоорун тездетилген процедура менен кабыл алуу боюнча тил табыша алган эмес. Буга республикачыл сенат Рэнд Полдун мыйзамга чыгымдарды текшере турган федералдык инспектор тууралуу пункт киргизүүнү талап кылгандыгы себеп болгон.

Ири суммадагы каражатты бөлүү тууралуу мыйзам долбоорун АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы 10-майда жактырган. Ага конрессмендердин 367си "макул", 57си каршы добуш берген.

АКШ президенти Джо Байден Конгресстен Украинага 33 млрд долларлык көмөк берүүнү өтүнгөн. Конгрессмендер ага дагы 7 млрд доллардай каражат кошуп, колдоп беришкен.

Мыйзам долбоору эми кол коюу үчүн президент Джо Байденге жөнөтүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости