www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шатдаун же өкмөттү каржылоонун токтошунан улам АКШ НАТОдогу өнөктөштөрүнө жана Украинага курал-жарак жеткирүүнү убактылуу токтотту. Бул жагдай, Украина армиясы колдонгон AMRAAM жана HIMARS ракеталарын, ошондой эле Данияга, Хорватияга жана Польшага абадан коргонуу ракеталарын жеткирүүгө да таасирин тийгизди.
Шейшембинин кечинде АКШда өкмөттүк каржылоонун токтошу өлкө тарыхындагы эң узакка созулган шатдаун болуп калды. Каржылоонун токтошуна байланыштуу АКШда болжол менен 1,5 миллион федералдык кызматкер айлыксыз иштеп жатышат. Шатдаун декабрь айына чейин уланса, аскер кызматкерлерине маяна берүү токтойт.
Кошмо Штаттарда каржы жылы 30-сентябрда жыйынтыкталып, 1-октябрдан тартып жаңысы башталат. 30-сентябрда Сенатта федералдык чыгымдарды каржылоо тууралуу эки мыйзам долбоору тең колдоо тапкан эмес.
Демократтар партиясы каржылоону улантуу үчүн сунуштаган мыйзам долбоору көпчүлүк добуш менен четке кагылды, анткени бул палатада алар азчылыкты түзөт. Ал эми Республикачылар партиясы сунуш кылган мыйзам долбоору алар көпчүлүктү түзгөнү менен жетиштүү добуш ала алган жок.
Бюджетке байланыштуу бир пикирдин жоктугу АКШ саясатында кадыресе көрүнүш болгону менен быйыл демократтар менен республикачылар ортосунда талаш-тартыш айрыкча курч.