www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусиянын Украинага кол салуу ыктымалдыгынан улам америкалык жарандарды Беларуска, Молдовага жана Приднесровьеге барбай турууга чакырды.

Мекеменин сайтында жарыяланган билдирүүдө Беларуска барбоо сунушу "беларус-украин чек арасына орус аскерлеринин "адаттан тыш жана кооптондурган санда" топтолуусуна, Минсктин мыйзамдарды өзүм билемдик менен колдонуусуна, негизсиз кармалуу ыктымалдыгына, ошондой эле коронавирус пандемиясына" байланыштуу экени белгиленген. Мындан улам Беларустагы америкалыктарга тез арада коммерциялык же жеке транспорт менен өлкөдөн чыгып кетиши керектиги эскертилди.

31-январда Мамлекеттик департамент Минсктеги АКШнын элчилик кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнө Беларустан чыгып кетүүнү буюрган.

Америкалыктарды Молдовага барбай туруу сунушу -- "Орусиянын Украинанын айланасындагы кооптондурган аскердик активдүүлүгүнө, ошондой эле молдова өкмөтү менен өзүн өз алдынча мамлекет деп жарыялап алган Приднестровье аймагынын ортосундагы чечилбей келген жаңжалга" байланыштуу.

Бул эки аймакка тең коопсуздуктун төртүнчү деңгээли ыйгарылган.

2021-жылдын күз айларынан бери ЖМКларда орус аскерлери Украинанын чек арасына жакын аймактарга топтолуп жаткандыгы тууралуу маалыматтар жарыяланууда. АКШнын жана башка бир катар өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрү Орусиянын ушул жумада Украинага кол салуу ыктымалдыгы жогору экенин билдирип жатышат. Өз кезегинде Кремль мындай маалыматтарды четке кагып, аскерлеринин чек арага жакын жайгашуусун өлкөнүн ички иши деп атап келет.

Эске салсак, буга чейин 40ка жакын өлкө Украинадагы жарандарын бул өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости