www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп менен болгон чырдан кийин Владимир Зеленский кечирим сурашы же кызматтан кетиши керек, деп жазат The Washington Post.
"Трамп айкөлдүк көрсөтүп, элдешүүнүн жолун так белгилесе болот: эгер Зеленский кечирим сураса, Трамп аны Ак үйгө чакырып, пайдалуу кен байлыктары боюнча келишимге кол коюуга мүмкүнчүлүк берет. Ошондо бардыгы кечирилет. Бирок азыр Зеленский баш тартууда жана өзүн күнөөлүү деп эсептебейт. Бул узакка созула албайт. Ал же кечирим сурап, абалды оңдоого тийиш, же кызматын өткөрүп берип, анын ордуна башка бирөө келиш керек", — деп айтылат макалада.
Макаланын авторунун айтымында, Зеленскийдин мындай позициясы анын үч жыл бою согуштук чыңалуу астында жашап, чарчаганы менен түшүндүрүлүшү мүмкүн. Бирок бул дүйнөлүк аренада мындай жүрүм-турумду актабайт.