www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чиркейлер аркылуу жугуучу безгек деп аталган потенциалдуу өлүмгө дуушар кылуучу оору АКШнын Техас (1 учур) жана Флоридада (2 учур) штатында катталды. Оору жуктургандар өлкөдөн чыккан эмес, деп жазат The New York Post 26-июнда.
Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору тарабынан безгек акыркы жолу 2003-жылы Флорида штатындагы Палм-Бичте катталган. Көбүнчө Кошмо Штаттарда безгек оорусу өлкөнүн чегинен тышкары саякатка чыккан адамдарда байкалган. Бирок азыркы үч учур жергиликтүү чиркейлер ооруну адамдарга жугузушу мүмкүн деген кооптонууну жаратат.
Адистердин айтымында, безгек оорусуна чалдыккан адамдарда симптомдор дайыма эле байкала бербейт. Безгектин белгилерине ысытма, титирөө, чыйрыгуу, баш оору, булчуңдардын оорушу, жүрөк айлануу, кусуу, диарея жана алсыздык кирет. Эгерде дарылабаса, инфекция сарык, аз кандуулук, бөйрөк жетишсиздиги, талма, комага жана өлүмгө алып келиши мүмкүн.
Безгек эрте аныкталса, аны дарылоого болот жана безгекке каршы вакцина азыр жеткиликтүү.
Оруунун эки учуру катталган Флоридадагы Сарасота округундагы саздак аймакта безгекти алып жүрүүчү чиркейлер табылды. Андан соң жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чоң жана кичинекей чиркейлерди өлтүрүүчү инсектициддерди колдонушкан.
Булак: NazarNews.kg