www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШда жол кырсыгынан трак айдаган кыргызстандык жигит каза болгонун АКШдагы кыргызстандыктар жазып, сөөктү мекенге жеткирүү үчүн акча чогултуп жатышат. Кырсык тууралуу ТИМден маалымат беришти.
АКШнын Канзас штатында аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу I-70 трассасында Гудленд жана Колби шаарларынын ортосунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 2000-жылы туулган Кыргызстандын жараны Ш.Б. каза болгон.
«Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу маалымат түшкөн учурдан тартып жергиликтүү бийлик органдары, маркумдун жакындары менен туруктуу байланышта, ошондой эле сөөктү мекенине жеткирүүгө байланыштуу маселелер иштелип чыгууда»,- деп айтылат маалыматта.