www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Бишкекте жаш кыздын өмүрү кыйылды

Бишкекте өлүмгө алып келген жол кырсык катталды, деп билдирди ЖКККББ.

16-мартта болжол менен саат 17:40та 22 жаштагы кыз Түштүк магистралда жөө жүргүнчүлөр өтмөгүнөн өтүп бара жаткан. Ошол учурда Садырбаев көчөсүнөн Тыналиев көчөсүн көздөй үч унаа келе жаткан: эки унаанын айдоочусу кызды көрүп токтогон, ал эми «Мерседестин» айдоочусу кыймылын улантып, жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Кыз ошол жерде жан берди.

Унаа айып короого токтотулуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Последние новости