www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Конгресстин имаратынын жанындагы өрт кыска убакытка дүрбөлөңгө салды. 20-январь (эртең) шаршемби күнү шайланган президент Жо Байдендин инаугурация салтанатына карата өзгөчө коопсуздук чаралары көрүлгөн Вашингтондо,Конгресстин имаратынын жанындагы өрт дүрбөлөңгө салды.

Конгресстин жанында түтүн чыга баштаган соң, шаарчага кирүү жана чыгуу токтотулду. Байдендин ант берүү аземинин даярдыгы дагы үзгүлтүккө учурады. Түтүн Конгресстин шаарчасына жакын жерде селсаяктар турган аймакта чатырлар күйгөндө чыккан өрттөн улам келип чыккандыгы түшүнүктүү болгондон кийин кырдаал калыбына келди.

Башка жагынан алганда, АКШнын Коргоо министринин милдетин аткаруучу Кристофер Миллер, Байдендин ант берүү аземи үчүн Вашингтондо 25 миң толук жабдылган Улуттук Гвардиянын жоокерлери коопсуздук текшерүүсүнөн өткөрүлө тургандыгын жарыялады.

Последние новости