www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америка Кошмо Штаттары Кытайдын Орусиянын Европадагы аракеттерине «үнсүз колдоосуна» тынчсызданып, аны туруксуздаштыруучу фактор деп эсептейт, деп билдирди Пентагондун өкүлү Жон Кирби.
Мындай колдоонун далилин ал орус жана кытай лидерлеринин Пекиндеги жолугушуусунун жыйынтыгында кабыл алынган эки өлкөнүн биргелешкен билдирүүсүнөн көрдү.
«Алардын 4-февралдагы биргелешкен билдирүүсү Кытай Европада болуп жаткан окуялар боюнча Орусия тарапка өтүүнү чечкендигинин дагы бир далили болду... Алардын унчукпай, эгер кааласаңыз, Орусияга болгон колдоосу катуу тынчсыздандырат, чынын айтканда, Европада коопсуздукту дагы дестабилдештирүүдө», - деди Кирби брифингде.
Документтеги эки өлкө тең НАТОнун чыгышка кеңейүүсүнө каршы чыгышкан.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан биргелешкен билдирүүдө Кытайдын Украинадагы кризистен алыс болууну кааларын көрүп жатканын билдирген.
Булак: NazarNews.kg