www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда Кыргыз жаранына өлүм жазасын талап кылышууда

АКШнын Жогорку Соту Кыргыз өлкөсүнүн Жохар Царнаев аттуу жаранынын ишин кайра кароодо. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы 1-августунда сот апелляциялык арызды карап чыгып, аталган жаранды өлүм жазасына тартуу чечимин өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырган. Ал 2013-жылы Бостон марафонунда болгон жарылуу үчүн айыпталууда.

Билдирүүдө 2020-жылдын октябрь айында АКШнын Юстиция министрлиги Жогорку Сотко буга чейинки соттун чечимин кайра карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылганы айтылат. Анда Дональд Трамптын администрациясы жана башкы прокурор Царнаевге өлүм жазасын берүүнү суранган.

"Президент Жо Байдендин администрациясы буга чейин Трамптын учурунда сотко өткөрүлгөн бир нече иш боюнча өзүнүн жеке көз карашы бар экендигин билдирген, бирок Царнаевдин иши боюнча эч кандай билдирүү жасалган эмес.

Ал эми Жогорку Сот террорчу Жохар Царнаевдин ишин кайра карап чыгуу боюнча министрликтин арызын карап чыгат", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 2013-жылдын 15-апрелинде Бостондогу марафондо 2 жарылуу катталган эле. Андан 3 адам каза болуп, 260 киши жаракат алган. Иликтөө иштеринин негизинде терактты уюштурган деп Жохар Царнаев кармалган.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости