www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Өкүлдөр палатасы спикер Кевин Маккартини отставкага кетирип, өздөрү бир жумалык тыныгууга чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Washington Post басылмасы алар келерки шаршембиде жаңы төрага шайлашы мүмкүндүгүн кабарлады. Маккартини азыркы ээлеп турган кызматынан бошотуу үчүн 216 конгрессчи макул болсо, 210у каршы чыккан.

"Өкүлдөр палатасы бул жумада ишин аяктады. Мыйзамчылар шейшембиде кайтып келишет. Республикачылар форумга чогулат (жаңы төрага боюнча) да, ал эми шаршембиде жаңы спикер шайланышы ыктымал", — деп айтылат макалада.

Түндүк Каролинадан шайланган Патрик Макгенри азыр убактылуу спикер болуп турат. Ал арада төрагалыкка талапкерлерди да сунуштап жиберишти. Алардын арасында мурдагы президент Дональд Трамптын да ысымы аталды. 

АКШдагы бул окуяга Россиядан комментарийлер айтыла баштады. Сенатор Алексей Пушков Украинаны колдоодон улам болгон Конгресстеги бөлүнүп-жарылуу көп нерсенин али башталышы деген пикирин билдирди. Эл өкүлү 2024-жылдагы шайлоо жакындаган сайын бул процесстер күчөйт деген ойдо.

"АКШда өтө жогору саясий туруксуздук цикли уланып жатат", — деп жазды Пушков өзүнүн Telegram-каналында.

Анын айтымына караганда, "дагы деле жок боло элек" шатдаун менен федералдык өкмөттүн ишинин токтоп калуу кооптуулугуна Украинаны финансылоонун айланасында чыккан конгресстеги кризис кошул-ташыл болду.

Россиялык сенатор республикачылардын партиялашын — Маккартини алып түшүүгө Байден менен "жашыруун макулдашып алганы" себеп болгонун айтты. Ал — АКШ өкмөтүнүн ишин 45 күнгө каржылоону убактылуу улантып туруу мыйзамына Украинаны (Киевге каржылоо анда каралган эмес эле — ред.) да кошуп жибергени болгон.

Маккартини кетирүү АКШнын тарыхында төмөнкү палатанын төрагасын кызматынан алып салган биринчи окуя болуп калды. Ал беш күн бою улам добуш берүүнүн аркасында (15 раунд) 7-январда бул кызматка шайланган. Бул процесс рекорддук көрсөткүч болуп калган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости