www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда TikTok социалдык түйүнүнүн бөгөттөлүшүнө алып келиши ыктымал болгон мыйзам долбоору кабыл алынды. 13-мартта Конгресстин Өкүлдөр палатасында жактырылган мыйзам долбоору TikTok АКШда ишмердүүлүгүн кандай форматта жана кимдин башкаруусу алдында улантарын, деги уланта алабы же жокпу, аныктай алат.

Эми долбоор Сенаттын кароосуна жөнөтүлөт, андагы добуш берүүнүн жыйынтыгы кандай болот, азырынча белгисиз.

Мыйзам кабыл алынса, эгер TikTok түйүнү ага ээлик кылган кытайлык ByteDance компаниясынын карамагынан чыгарылбаса, АКШнын интернет тиркемелер дүкөндөрүнө чыгуусуна тыюу салынышы ыктымал.

Америкалык мыйзам чыгаруучулар ByteDance Кытай бийлиги менен байланышы бар экенин, Бээжинге америкалыктар тууралуу маалымат чогултуп, алардын коомдук пикирине таасир этүүгө мүмкүнчүлүк берип жатканын айтып келишет. Бирок компания өзү аны четке кагууда.

Буга чейин АКШда TikTok түйүнүн «улуттук коопсуздукка коркунуч жаратууда» деген жүйө менен чектөө аракети көрүлгөн.

Азыркы президент Жо Байден да, буга чейинки башчы Дональд Трамп да бул платфрманы чектөөгө аракет кылышкан.

Демилгеге каршылар социалдык түйүндөрдүн иши бизнес экенин, АКШ өкмөтү ишкерликке кийлигишүүгө акысы жоктугун айтып жатышат.

Байден эгер азыркы мыйзам долбоору Сенаттан колдоо тапса ага дароо кол коерун билдирди.

Ошондо ByteDance компаниясына АКШ бийлигинин талаптарын аткарууга беш ай убакыт берилет.

Последние новости