www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дональд Трамп президенттик кызматка киришкенден бери - 2025-жылдын 20-январынан тарта 100 миңден ашык виза жокко чыгарылган. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаменти билдиргенин «Reuters» жазды.

«Мамлекеттик департамент 100 миңден ашык визаны жокко чыгарды, анын ичинде 8 000ге жакын студенттик жана кылмыштуу иштерге байланышы бар адамдар үчүн 2 500 адистештирилген виза бар. Американын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биз кылмышкерлерди депортациялоону улантабыз», - деп айтылат билдирүүдө.

Бул көрсөткүч акыркы жылдардагы рекорддук көрсөткүч. Бул сан АКШнын мурдагы президенти Жо Байдендин 2024-жылы жокко чыгарган визаларынын санынан эки эседен ашык (40 миң виза).

Буга 4 негизги себеп бар:

өлкөдө болуу мөөнөтүнөн ашып кетүү;

мас абалында унаа айдоо;

кол салуу;

уурулук.

Ошондой эле студенттик визалардын ээлери жана «грин-карталары» бар мыйзамдуу туруктуу жашоочулар палестиналыктарды колдогону жана Израилдин Газадагы согуштагы аракеттерин сындаганы үчүн депортацияланышы мүмкүн экендиги айтылды.

Последние новости