www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америка Кошмо Штаттары Иран менен соода алакасын уланткан мамлекеттер үчүн АКШ менен болгон бардык ишкердик операцияларына 25% өлчөмүндө алым киргизүүдө. Тиешелүү билдирүүнү президент Дональд Трамп 12-январда Truth Social социалдык тармагында жарыялады.
Ак үйдүн башчысы бул буйрук акыркы чечим экенин жана даттанууга жатпай турганын баса белгиледи. Аналитиктердин баамында, бул чечим биринчи кезекте Тегерандын ири соода өнөктөштөрүнө, анын ичинде Кытай, Индия жана Түркияга таасирин тийгизет.
Экономикалык чаралар менен катар АКШ администрациясы жана аскердик аналитиктер Ирандагы нааразычылык акциясына чыккандарды колдоо боюнча аракеттердин варианттарын иштеп чыгууда. Дональд Трамп ирандык оппозиция лидерлери менен байланышта экенин жана кырдаалга карата «күчтүү варианттар» бар экенин билдирди. Ошол эле учурда, АКШ президентинин айтымында, Ислам Республикасынын жетекчилиги ага сүйлөшүүлөрдү өткөрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Ирандагы массалык нааразычылык акциялары 2025-жылдын 28-декабрында башталган. Iran Human Rights укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, 12-январга карата кагылышууларда каза болгондордун саны кеминде 648 адамды түздү, алардын арасында тогуз жашы жете элек өспүрүм бар. Буга чейин америкалык тарап күч түзүмдөрү тынч маанайдагы митингчилерге каршы курал колдонууну уланткан учурда, кырдаалга кийлигишүүгө даяр экенин билдирген.