www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Американын шаарларында президент Дональд Трамптын саясатына каршы нааразычылык акциялары өттү. Бул тууралуу «Би-Би-Си» билдирди.

<<<Hands Off» кампаниясынын

уюштуруучулары 50 штаттагы 1200 жерде акция өткөрүүнү пландаштырышкан. 5-апрелде Бостон, Нью-Йорк, Чикаго, Лос-Анжелес жана Вашингтон шаарларында эл көп чогулду. Акциялардын бири президент гольф ойногону барган Флорида штатынын жанында өттү.

<<Reuters>> агенттигинин маалыматына ылайык, Мар-а-Лаго резиденциясынан алты чакырым алыста 400гө жакын демонстрант чогулган.

Нааразычылык акциялары Американын Мамлекеттик натыйжалуулук департаментинин башчысы Илон Маскка да багытталган.

Негизинен демократиялык багыттагы уюштуруучулар акцияларды «бийликтин кастык менен басып алуусуна» жана америкалыктардын укуктары менен эркиндиктерине кол салууга жооп катары баалашкан. Митингге чыккандар миңдеген мамлекеттик кызматкерлерди жумуштан кетирүү, федералдык агенттиктерди жабуу, мыйзамсыз мигранттарды депортациялоо, саламаттыкты сактоо тармагын каржылоону кыскартуу сыяктуу аракеттерге каршы чыгышты.

«CNN» телеканалы бул акцияларга айрым мыйзам чыгаруучулар да кошулганын билдирди.

Последние новости