www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина бийлигинин коррупцияга баткан системасы Америкадан акча келбей калса күзүндө кыйрашы мүмкүн. Бул туурасында АКШнын Деңиз аскерлер корпусунун отставкадагы капитаны Мэтью Хонун айтканын РИА Новости анын америкалык ресурстардын бирине берген маегине таянып жазды.

"Эгерде Конгресс акча боюнча маселени чечпесе, Украинада банк банкрот болгон сымал дүрбөлөң башталат", — деген офицер.

Мурдагы аскер жетекчиси Украинада коррупциялык пирамида түзүлгөнүн, Киев аткаминерлери АКШдан агылып кирип жаткан акчаларды өз ара бөлүп алып жаткандыктарын белгилеген.

Анын айтымында, акчанын келбей калышы мындай системаны оңдурбайт.

"Эгерде каражат төмөн жакка кетпей калса (Киев аткаминелеринен – ред.), эл дүрбөлөңгө түшөт. Ошондо Зеленскийдин Майамидеги вилласына кантип качканын көрөсүңөр. Буга окшогон нерсе, балким, Эмгек күнүнө жакын болушу мүмкүн", — деп эскерткен Хо.

АКШнын Конгресси Өкүлдөр палатасындагы артыкчылык кылган республикачылардын кежеңдегенинен улам Ак үйдүн Украинага жардам катары сураган 60 миллиард долларды бере албай жатат. Буга чейин бөлүнгөн акча өткөн жылдын декабрында түгөнгөн, Украинага берилет деп айтылган аскердик жардам пакетинин бөлүгү да жогоруда сөз болгон келишимдин алкагында берилмек.

Эске салсак, АКШ Украинага берилген жардамдын колдонулушу боюнча көзөмөл кылган жооптуу тарапты дайындашы керектигин сөз кылды деп Блумберг жазган.

Украинанын экономикалык коопсуздугу боюнча бюро июлдун башында Батыштан келген гуманитардык жардам жана аскердик продукцияларды саткан учурлар аныкталгандыгын мойнуна алган. Бул жаатта онго чукул кылмыш иши козголгон. Кийинчерээк америкалык конгрессчи Виктория Спартц Украинага кетип жаткан жардамды көзөмөл кылган механизм түзүү зарылдыгын айткан.

Последние новости