www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Кентукки штатында асманга көтөрүлгөндөн кийин кулаган жүк учагында курман болгондордун саны 11ге жетти.

«Өлгөндөрдүн саны дагы эки адамга көбөйүп, азыр 11ге жетти. Куткарылган адамдарды табабыз деп күтпөйбүз», — деди Кентукки штатынын губернатору Энди Бешер брифингде.

Губернатор ошондой эле жалпы курман болгондордун саны 12ге жетиши мүмкүн экенин белгиледи. «Учурдагы өтө зарыл жумуш — куткаруучулар жана кырсыктан кийинки кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо», — деди ал. Бешер куткаруу операцияларынын окуя болгон жерде улантылып жатканын билдирди. Азыркы учурда 16 үй-бүлө жакындарын дайынсыз жоголду деп билдирген.

Ошондой эле кырсыктан жаракат алган 11 адам тез арада жакынкы медициналык мекемелерге жеткирилип, керектүү жардам көрсөтүлгөн. Губернатордун айтымында, учакта экологиялык коркунуч жаратчу «өзгөчө кооптуу жүк» болгон эмес.

Луисвилл университетинин медициналык борборунун билдирүүсүндө, эки жаракат алгандардын абалы оор деп бааланганы айтылган.

Социалдык тармактарда учактын учуу учуру тартылган видеолор тарады. Анда учактын сол канатындагы кыймылдаткычтан жалын чыгып, учуу тилкесинен көтөрүлгөндөн кийин бийиктикти жоготуп, жерге кулап, чоң жалындуу шарга айланганы көрүнөт.

Кырсык Луисвиллдеги Мухаммед Али атындагы эл аралык аэропортто болгон. Учак MD-11 түрүндөгү UPS 2976 каттамын Гонолулуга (Гавайи штаты) аткарган. Учурда учактын кулашынын себептери иликтенип жатат.

Последние новости