www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Вашингтон штатындагы целлюлоза-кагаз фабрикасындагы жарылуудан каза болгондордун саны 11ге жетти. Куткаруучулар алгач урандылардын арасынан тогуз адамдын сөөгүн, андан кийин дагы эки адамдын сөөгүн табышкан. Бул тууралуу The New York Times гезити 31-майда билдирди.
"Куткаруучу топтор дагы эки жумушчунун сөөгүн табышты. Натыйжада каза болгондордун саны 11ге жетти", - деп айтылат билдирүүдө.
Окуя 26-майда Nippon Dynawave заводунда болгон. Кагаз жасоодо колдонулган 3,4 миллион литр натрий гидроксиди менен натрий сульфидинин химиялык эритмеси болгон «ак ликер» цистернасы белгисиз себептерден улам жарылып кеткен.
Буга чейин бир адам каза болуп, тогуз адам жаракат алганы кабарланган.